• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Майдан: Элдик курултай бийликти элге жакындата алдыбы?

14 Бештин айы 2023 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 15-декабрда экинчи Элдик курултай өтөт, жер-жерлерден шайланган 700 делегат катышат. Былтыр төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, эми анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат.

Эскерте кетсек, былтыр Элдик курултай президенттин жарлыгынын негизинде өткөрүлгөн. Ал учурда тиешелүү мыйзам кабыл алына элек болчу. «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам быйыл 29-июнда кабыл алынды.

Элдик курултайды өткөрүүгө былтыр 20 млн сомдой каражат кеткени маалымдалган.

«Элдик курултай бийликти элге жакындата алдыбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Табылды Акеров- саясат талдоочу;

Мавлян Аскарбеков — жарандык активист;

 Манас Саматов — коомдук ишмер;

Шерикбек Акимов — Элдик курултайдын делегаты.

Количество просмотров: 1157