Министрлер кабинети 1-майдан тартын электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизет. Тиешелүү токтомго Акылбек Жапаров кол койду. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттайт. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат. Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.
«Электр энергия дагы кымбаттайт. Эл кошумча чыгымды көтөрө алабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: