• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Ынтымак паркка коюлган «Ы» тамгасынын эстелиги талкууга түштү

30 Чын куран 202410:05 Бишкек Govori.TV

29-апрелде “Ынтымак” сейил багында “Ы тамгасы” арт-объектисинин ачылышы болду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев, “Россиялык гезиттин” Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков катышты.

Бишкекте «Ы тамгасы» арт-объектисин орнотуу идеясы «Россиялык гезитке» таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында «Дубровин» куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.

Бул арт-объектисинин тегерегинде бир катар талкуулар жаралды. Айрым соцтармак колдонуучулары эстелик «Ы» тамгасына окшошпой калганын айтышса, айрымдар өзгөчө болгонун жазышууда.

Количество просмотров: 253