• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Майдан: Эмне үчүн депутаттар этикага маани бербейт? (Түз эфир)

15 Жалган куран 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташка аралашканы коомчулук тарабынан сындалып, кыргыз аткаминерлердин кесиптик этиканы сактоо маселесин козгоду.

Парламентте депутат Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат.

Аткаминерлер, жогорку кызмат адамдары, милиция кызматкерлери аралашкан чуулгандуу окуялар көп эле катталып келет. Деген менен алардын кызмат ордунагы жоопкерчилиги каралган учурлар жокко эсе.

«Эмне үчүн депутаттар этикага маани бербейт?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Кубанычбек Исабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери;

Айнура Усупбекова — «Жарандык платформа» коомдук уюмунун жетекчиси;

Бактыбек Жумагулов — саясат талдоочу;

Калича Умуралиева — «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси.

Количество просмотров: 1477