• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: Энергетикадагы өзгөчө кырдаал режими

31 Теке 2023 16:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими жарыяланат.

Мындай нерсе климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен өсүшүнө байланыштуу Кыргызстанды энергетикалык кризистен чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында жасалууда.

Өзгөчө кырдаал режими быйыл 1-августтан тарта кирип, 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган.

«Энергетикадагы өзгөчө кырдаал режими» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Сапарбек Аргымбаев — энергетика боюнча эксперт;

Расул Умбеталиев — энергетика боюнча эксперт;

Эрнест Карыбеков — энергетика боюнча эксперт;

 Таалайбек Байгазиев — Энергетика министринин орун басары.

Количество просмотров: 2080