«Крокус Ситидеги» терактта 140тан ашуун киши каза болгону, 500дөн ашыгы жабыркаганы расмий маалымдалды. Россиядагы кыргызстандык мигранттар Москвадагы теракттан кийин басым-кысымга кабылганын айтып жатышат. Чет өлкөлүктөр басымдуу кылган базар, соода борбор жана мекемелер текшерилип жатканы тууралуу жергиликтүү бийлик, тартип коргоо органдары да маалымат таратып жатат. Анын жыйынтыгында өлкөдөн чыгарылгандар, депортация болгондор да болууда.
«Үйүңөргө кеткиле!». Москвадагы теракттан кийин мигранттарга басым күчөдүбү? деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: