Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары. Кыргызстанда аза күтү күнү жарыяланып, Орусиядан алынып келген маркумдардын сөөктөрү жерге берилди. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктаган кичи автобустагы кыргызстандыктар «кирди-чыкты» кылуу максатында орус-казак чек арасына барышкан. Учурда Россиядагы мекендештердин каттоого туруу боюнча маселеси комчулукта кызуу талкуу жаратууда.
«Кирди-чыкты кагазы. Кыргыз мигранттын тагдыры» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк: