• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: Кризис күч алды. Тамак-ашка болгон баалар асман чапчыды (түз эфир)

16 Жалган куран 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалдан улам батыш өлкөлөрү салган экономикалык санкциялардын кесепети Кыргызстанга тийе баштады. Учурда азык-түлүккө болгон баа кескин кымбаттады. Министрлер кабинетинин чечими менен Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. Өкмөттөн билдиришкендей, анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген учурдагы окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкармалыкты ишке киргизүү. Комитеттин жетекчиси болуп министрлер кабинетинин төрагасы саналат. Курамына тиешелүү органдардын жетекчилери кирди.

«Кризис күч алды. Тамак-ашка болгон баалар асман чапчыды» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Эмиль Үмөталиев — Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү;

Аскар Сыдыков — Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору;

Кубан Чороев — экономист;

Алмаз Абдекиров — Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономика боюнча саясаты башкармалыгынын башчысы.

Количество просмотров: 1999