• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: “Кудайга шүгүр” дегендерге кошумча жүк. Электро энергияга болгон баа кымбаттайт (Түз эфир)

23 Чын куран 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Мамлекет башчы бул категорияларды «аз камсыз болгон үй-бүлөлөр», «бийик тоолуу аймактардын жашоочулары» жана «жашоо-шарты кудайга шүгүр үй-бүлөлөр» деп бөлгөн. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт. Электр энергиянын тарифин жогорулатууну сунушу «Майдан» теледабатында талкууланат.

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин мурдагы Жылдызкан Жолдошева, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев жана Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Тариф жана бааларды жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Адылбек уулу Абайылда.

Количество просмотров: 852