• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Майдан: Кумарканаларды ачуунун зарылдыгы барбы? (Түз эфир)

26 Бугу 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Депутаттар кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берди.

«Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоору 11-майдагы парламент жыйынынын күн тартибинде болгон эмес. Түштөн кийин сунушталып, алгач жабык карала баштап, кийин айрым депутаттардын нааразылыгы менен жыйынга журналисттер киргизилген.

Бул мыйзамды Өкмөт демилгеди. Бирок, бул демилге коомчулукта бир катар сын кептерди жаратып, талкууга алынды.

Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Кумарканаларды ачуунун зарылдыгы барбы?» деген теманын тегерегинде талкуу болот.

Майдандын катышуучулары:

  • Акжолтой Тукунов — жарандык активист;
  • Мавлян Аскарбеков – жарандык активист;
  • Эржан Сулайман — юрист.
Количество просмотров: 2347