Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында “өкмөттүн күнү” болду. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип маалымат беришти. Күн тартибине төрт ишкананын Санарип министрлигине өтүшүнүн мыйзамдуулугу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердиги жана Баткендеги чек ара боюнча маселелер каралды. Чогулуш депутат Адахан Мадумаров менен атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы менен башталган. Жыйындагы жагдайдан кийин Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин мамилеси коомчулукта талкуу жаратып, «президенттик өлкөдө бийлик бутактарынын ортосундагы мамилелери кандай болуп жатат?», «эмне үчүн сый урмат жок?» деген суроолорду пайда кылды.
«Кылыбыз кыйшайбайт». Бийлик бутактарынын ортосундагы мамиле деген темадагы дебаттын катышуучулары менен тааныштырып өтсөк: