Кыргызстандан сыртка чыккан акча эки эсе көбөйдү. Мындан улам өлкөдөн чет өлкөлүк накталай акчаны алып чыгууга 16-январдан баштап убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукта «финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоону» максат кылары айтылат.
Чечимге ылайык, резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, Кыргызстандын жарандарына 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу киргизилди.
«Кыргызстандан агылган доллар. Өкмөттүн чечими валюта каатчылыгына таасир эте алабы?» деген темадагы «Майдандын катышуучулары:
Кутман Шакиров — Улуттук банктын банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
Насирдин Шамшиев — Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Алмаз Шабданов — экономист;
Азамат Алмазбеков — Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасынын орун басары.