• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Майдан: “Кыргызстанды туңгуюктан кантип чыгарабыз” (түз эфир)

8 Тогуздун айы 2020 18:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү «Майдан» дебатында “Кыргызстанды туңгуюктан кантип чыгарабыз” деген теманын алкагында сөз болмокчу.

Дебаттын катышуучулары:

Максат Чаки — коомдук ишмер;

Табылды Акеров — саясий серепчи;

Алтынай Өмүрбекова — «Республика» партиясынын мүчөсү;

Рита Карасартова — жарандык активист.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан партиялардын митинги, башаламандык менен коштолду. Натыйжада башаламандык орун алып, митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Андан соң камактагы бир катар саясатчылар эркиндикке чырылган.

Учурда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар бириндеп, топ-топторго бөлүндү.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган, бирок ал эл алдына чыга элек. Жээнбеков баардык күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштаганын жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.

Депутаттар 7-октябрда кайрадан кезексиз жыйына чогулуу аракетин кылышты, анда 30дай эл өкүлү катышып, президентке импичмент жарыялоону кеңешип, бирок бир чечимге келе алышкан эмес.

Количество просмотров: 1564