• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Кысым күчөдү, кыргыз медиасы курчуду (түз эфир)

3 Жетинин айы 2022 17:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы «Медиа Полис Институту» уюму 2020-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, жакында 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, «Азаттыктын» сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

«Кысым күчөдү, кыргыз медиасы курчуду» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү:

  • Абдыкадыр Султанбаев — КР Журналисттер союзунун төрагасы;
  • Нурдин Дүйшөнбеков — «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • Эсенбай Нурушев — Журналист.
Количество просмотров: 3052