• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: «Матчество» маселеси чуу жаратты (түз эфир)

4 Теке 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Конституциялык сот 18 жашка толгон балдардын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графанын ордуна энесинин атын жаздырууну жактаган чечим чыгарды. Бул тууралуу 2-июлда сотко бул маселе менен кайрылган жазуучу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, сот министрлер кабинетине «теңчиликтин принциптерин бузууга жана гендердик белгилери боюнча басмырлоого тыюу салууга шарт түзүү» үчүн расмий документте энесинин атын (матчество) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү сунушун киргизди.

 “Матроним” маселеси коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Ал эми Конституциялык сот “матроним” тууралуу чечимине түшүндүрмө берди.

«Конституциялык сот Үй-бүлө кодексинин (63-беренесинин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдик укуктук актыларын карады жана ал Конституцияга каршы келбейт деп тапты. Тагыраагы, бала 18 жашка чыккандан кийин паспортко «атасынын аты» деген графага атасынын же эненин атын жазууну тандоого укуктуу болот. Кыргызстандын мыйзамдары улуттук каада-салттар боюнча да, советтик калыптанып калган система боюнча да өз атын, фамилиясын, атасынын атын коюуга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калган. Ошол эле учурда баланы атанын же эненин атына каттоо маселеси — балага эң жакшы шарттарды түзүү менен байланыштуу. Баланын укуктары ата-эненин укуктарынан жогору жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ал эми салттуу коомдо балага атасынын ордуна эненин атын берүү — ага карата ар кандай кодулоого жол ачышы мүмкүн болгондуктан, арыз канааттандыруусуз калтырылган»,-деп жазылат маалыматта.

«Матчество маселеси чуу жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Курмангазы Азыкбаев — коомдук ишмер;

Алмаз Тажибай — саясат талдоочу;

Эржан Сулайман — укук коргоочу.

Количество просмотров: 1846