• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Майдан: Орусия менен Кытайга сапар. Кыргызстан геосаясатта (түз эфир)

11 Бугу 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 7-9-майда Россия Федерациясына расмий сапар менен барды. Анда мамлекет башчы Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

9-майда Орто Азия өлкө лидерлери Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышышты. Бул арада Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын айыптады.

Бул арада 16-майдан 20-майга чейин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери Кытайга бара турганы белгилүү болду. Си Цзиньпин сапардын алкагында 18-майда өтө турган Борбор Азия – Кытай саммитине катышууга үндөгөн.

«Орусия менен Кытайга сапар. Кыргызстан геосаясатта» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:

Токон Мамытов — Саясий жана коомдук ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт;

Алмаз Тажибай — саясат талдоочу;

Табылды Акеров — Саясат талдоочу;

Сейтек Качкынбаев — коомдук ишмер.

Количество просмотров: 881