• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Майдан: Пандемия билим берүү тармагын аксаттыбы? (Түз эфир)

6 Баш оона 2020 18:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда 1 миллиондой окуучу билим алат. Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер да убактылуу жабылган. Учурда окуучулар аралыктан билим алып жатышат.

Жаңы окуу жылы кандай болору белгисиз. Буга чейин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кийинки окуу жылын да дистанттык негизде жүргүзүлүшү тууралуу маалымат берген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи класстын окуучулары кандай окуй турганы белгисиз болууда. Ата-энелер биринчи класстарды дистанттык эмес, мектепте окутууну талап кылып жатышат.

Бүгүн, «Пандемия билим берүү тармагын аксаттыбы?», деген темадагы «Майдан» теледебаты өтүп жатат.

Майдандын катышуучулары: Мурунку Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова, Замира Мамбетова укук коргоочу, Калийман Коошбекова КР Билим берүү министрлигинин алдындагы Коомдук Кеңештин мүчөсү

Майдан: Пандемия билим берүү тармагын аксаттыбы? (Түз эфир)

Майдан: Пандемия билим берүү тармагын аксаттыбы? (Түз эфир)

Опубликовано Govori TV Четверг, 6 августа 2020 г.
Количество просмотров: 2715