• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Паранжа менен узун сакал диний фанатизмден келип чыктыбы? (түз эфир)

24 Жетинин айы 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжа жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт. Кыргыз коомунда мындай чектөөнү киргизүүнү жактагандар да, ага каршы болгондор да бар. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз кезегинде бул долбоорго каршы мамилесин билдирди. Анын билдирүүсүндө аялдар шариат боюнча колу-бутун жана бетин ачык алып жүргөнгө уруксат берилери, ал эми калган бөлүгү аурат болуп саналып, хиджап менен жабылышы керектиги айтылат.

«Паранжа менен узун сакал диний фанатизмден келип чыктыбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Шарапаткан Мажитова — Жогорку Кеңештин депутаты;

Токон Мамытов — Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы;

Эржан Сулайман — эксперт.

Количество просмотров: 780