Июнда 1 АКШ доллары 80-85 рубль турса, июлда 90-92 рубль болду. Августтун башынан дагы арзандап, ай ортологондо курс 95-101 рублди түздү. Москва биржасында болсо америкалык валюта менен орус рублинин катышы 111 рублге чейин чыкты. Бул жагдай Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталарына да терс таасир этүүдө. Ишкерлер азыр чоң чыгымдарга дуушар болуп жатат.
«Рублдин арзандашы ишкерлерге кандай таасирин тийгизүүдө?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:
Алмаз Шабданов-экономист;
Аманбол Бабакулов – ишкер;
Урматбек Акунов – ишкер.