2024-жылдын январында Садыр Жапаровдун президент болгонуна 3 жыл толду. Жапаровдун президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземи 2021-жылдын 28-январында өткөн.
Бийлик негизги жетишкендик катары бир катар экономикалык көрсөткүчтөрдү айтып жатат. Үч жыл ичинде экономикада кандай өзгөрүүлөр болду? Жапаровдун алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтылууга багытталган. Аткарылдыбы?
Негизги жетишкендик катары ички дүң өндүрүм 1 трлн сомдон ашып, консолидацияланган бюджет 574 млн долларга жетти, бюджеттик кызматкерлердин маянасы менен пенсия, жөлөк пул көтөрүлдү.
2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин маяналары менен пенсия, жөлөк пулдарды эки эсеге чейин көтөргөн. Элдин жашоосу жакшырдыбы?
Пайыздык көрсөткүч боюнча, жакырчылыктын деңгээли 2022-жылы (соңку эсеп) 33,2% болуп, мурунку жылга караганда 0,1% азайган.
Ошол эле учурда сөз эркиндигинин абалына, жарандык активисттердин, көз карандысыз журналисттердин камалганына байланыштуу бир катар сындар дагы айтылууда.
«Садыр Жапаровдун бийлигине үч жыл» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: