• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Секелектин өлүмү. Зөөкүрлөрдүн заманы (түз эфир)

6 Аяк оона 2022 17:41 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылды. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А. аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалып, тергөө уланууда.

Бул арада өлкө башчы Садыр Жапаров жаш кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасап, Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Секелектин өлүмү. Зөөкүрлөрдүн заманы» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:

  • “Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгул Турдубекова;
  • Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова;
  • Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков.
Количество просмотров: 2098