• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Шайлоо күздө өтөт, шарттары улам өзгөрүүдө (Түз эфир)

29 Теке 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда дароо колдоду. Мыйзам долбоору парламентке биринчи окууга киргенде 35 депутатты бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутатты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайлоо сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууга өзгөртүү менен киргизилди. Анда 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) системасы менен шайлоо сунушталууда. Мындай чечим депутаттардын президент Садыр Жапаров менен эки жолку жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

«Шайлоо күздө өтөт, шарттары улам өзгөрүүдө» деген тема «Майдан» дебатында талкууланат.

Катышуучулар: БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов, БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев, «Жалпы иш» коомдук фондунун шайлоо боюнча эксперти Канышай Мамытова.

Количество просмотров: 595