• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: Ширшовдун схемасы ачыкталабы? Чуу жараткан жагдайлар (түз эфир)

12 Бугу 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда энергетикадагы коррупциялык схемалардын түзүүчүcү делген Алексей Ширшов УКМК тарабынан 10-майда кармалган. УКМК кызматкерлери «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик имараттарды жеке менчикке чыгарып кетүүгө байланышкан кылмыш иштерди иликтөөнү баштаган. Анын жүрүшүндө, ири ишкерлер сот кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, 56 кымбат балуу батирди, 27 коттеджди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.

Бул ишке Ысык-Көл облустук жана райондук, Бишкек шаардык, Чүй облустук сотторунун, Жогорку Соттун, ошондой эле Президенттин аппаратынын, Мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым адамдарынын да катышы бар экени тастыкталган. Тергөө учурунда бул коррупциялык схеманы уюштуруучулардын башында Алексей Ширшов турганы да белгилүү болгон.

Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап үй камагына чыгарды. бул коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

«Ширшовдун схемасы ачыкталабы? Чуу жараткан жагдайлар» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

  • Ахунбай Кошой — Коомдук ишмер
  • Расул Умбеталиев-Энергетика тармагы боюнча эксперт;
  • Бейшенбек Абдразаков-Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Руслан Акматбек Саясий серепчи.
Количество просмотров: 4027