• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Майдан: Суу тартыштыгы Бишкекте чоң маселе жаратты (Түз эфир)

7 Кулжа 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында таза суу берүүдө кыйынчылыктар жаралды. Айрыкча суунун тартыштыгы калаанын түштүк бөлүгүндө байкалууда. Суу тартыштыгы маселеси бүгүн парламентте дагы көтөрүлдү.

Шаар бийлиги суу жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү сууну сарамжалсыз пайдалануу, Аламүдүн жана Ала-Арча дайраларында суунун деңгээли төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Шаарда суу тартыш болуп жаткан шартта мэрия сууну көп чыгымдаган жеке мончо, унаа жуучу жайларды жана бассейндерди убактылуу жапты.

«Суу тартыштыгы Бишкекте чоң маселе жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Жыргалбек Шамыралиев — Бишкек шаарынын мэринин орун басары;

Тилек Токтогазиев — мурдагы Айыл чарба министри;

Манас Саматов — айыл чарба адиси;

Калича Умуралиева — «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси.

Количество просмотров: 1679