• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Майдан: Түркия менен Сириядагы зилзала. Кыргызстан кандай сабак алыш керек? (түз эфир)

9 Бирдин айы 2023 16:09 Бишкек Govori.TV

Түркия менен Сирияда 6-7-февралда болгон катуу жер титирөөлөрдөн акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 15 миңден ашты. Жараат алгандар 63 миңдин тегерегинде болууда, куткаруу иштери уланып жатат. Бир нече шаар кыйрады. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аталган өлкөлөрдө жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана курмандыктар болгондон кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты жөнүндө маселе көтөрүлдү. Айрым депутаттар Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштап чыгышты.

«Түркия менен Сириядагы зилзала. Кыргызстан кандай сабак алыш керек?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Улугбек Бегалиев — Сейсмикалык жактан туруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору;

Адис Саяков — Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо Департаменттин улук инспектору;

Алымбай Токтосопиев — Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илиминин доктору;

Асыкбек Оморов- инженер-геодезист.

Количество просмотров: 2009