• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майдан: Жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрү (түз эфир)

2 Тогуздун айы 202416:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттин сайтына 1-октябрда жарыяланган маалыматка ылайык, бул мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын белгилейт. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери ар бири 51 депутаттан турат. Башка шаардык жана айылдык кеңештер шайлоочулардын санына жараша бекитилет — эгер шайлоочулардын саны 20 миңден 70 миңге чейин болсо, 31 депутат, андан жогору болсо, 41 депутат шайланат.

Административдик-аймактык реформадан кийинки жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленген.

Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрү» деген теманын айланасында сөз болмокчу.

Катышучулар:

  • Узарбек Жылкыбаев — БШКнын мүчөсү;
  • Элеонора Сыйданова — Жергиликтүү кеңештин депутаты.
Количество просмотров: 2486