Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп саналат. Өлкөдө бул кенди иштетип, Кытайдын карызын жабуу маселеси көтөрүлүп жатат. Бирок каршы чыккандар көп. Президент 14-августта Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө азыр өлкө даяр эместигин, бирок жарма патриоттор элдин башын айлантып жаткандыктан, укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.
«Жетим-Тоо» талашта. Кендин келечеги кандай болот? деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:
Айша Карпаева — Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Нарис Калчаев — жарандык активист;
Илгиз Шаменов — жарандык активист;
Марат Тагаев — жарандык активист.