• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майлуу-Сууда аскер кызматкери асынып алды

27 Жетинин айы 201910:53 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Суу шаарындагы  Кургактагы аскерлердин жоокери асынып алды.

Бүгүн, 27-ноябрда таңкы саат 08:00дө автопарктын аймагынан 1997-жылы туулган А.у.Т. аскер кызматкеринин жансыз денеси табылган. Ал суицидке барганы маалымдалды.

А. у Т. каза болгонго чейин бир күн мурда үйүнөн келген. Ал мыкты аскер кызматкери катары бааланып 10 күндүк эс алууга чыккан болчу.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталып, Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Булак: eldik.media

Количество просмотров: 93