• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Майлуу-Сууда бала бакча мамлекетке кайтарылды

14 Жалган куран 2022 15:52 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын токтому менен Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 сандуу бала бакчасы жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук сунуштаманын негизинде бала бакча жана ага тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 93