• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майлуу-Сууга «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

13 Үчтүн айы 202318:01 Бишкек Govori.TV

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Ал эми суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 жылуулук электр станцияларында жылуулук системасынын иши токтогон.

«Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызматтар шаар башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте иш жүргүзүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Азырынча шаарга жылуулук берүү калыбына келе элек.

Количество просмотров: 478