• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Майып балдарын караган ата-энелерге айлык-акы январь айынын аягында берилет

7 Үчтүн айы 201911:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.01.2019.Govori.TV

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге айлык-акы январь айынын аягында бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Айрым ата-энелер балдарын жакшы карабайт. Кээ бирлери мүмкүнчүлүгүнө жараша шарт түзөт. Мисалы, өз убагында ооруканага алып барып текшертип, ар кандай процедуралардан өткөрүп турат. Айлык төлөөдө булар сөзсүз түрдө эске алынат. Ал үчүн мүмкүнчүлүгү четкелген баланы коштоп жүрүүчү ата-эненин аткарган кызматы текшерилип, баа берилет» — деди 
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Турдумаматова.

Анын айтканына караганда, бир үй-бүлөдө эки мүмкүнчүлүгү чектелген бала болсо, биринчи баланы караганы үчүн толук, экинчиси үчүн 50% өлчөмүндө айлык алат. Айлык жашоо минимумуна жараша эсептелет.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30 миңден ашуун ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Бирок маяна дайыма коштоп жүрүүчүгө муктаж, 18 жашка чейинки баланын ата-энесине гана төлөнөт. Биринчи этапта 6 миңдей баланын ата-энесине 4962 сом өлчөмүндө айлык акы каралган.

Булак: Марал

Количество просмотров: 16