Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган эки жаранды күнөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Турдубекова билдиргендей, күнөөлүүлөр «кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен» абак жазасынан кутулуп кетишкен.
«Айыпталуучулардын ар биринен жабырлануучунун пайдасына моралдык зыян үчүн болгону жүз миң сомдон кенемте өндүрүлгөн. Сот жети жылга созулган. Иш Сокулук, Чүй, Жогорку жана Бишкек шаардык сотторунда каралган. Сот далилдер жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары көрсөтүлгөнүнө карабастан создуктурулган», — деп жазды Турдубекова.
Кошумчалай кетсек, айылдаштары тарабынан зордук көргөн кыздын иши 2015-жылдын майында козголуп, 7 жылга созулган.