• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

19 жаштагы кыз классташы тарабынан зордукталды

24 Баш оона 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 19 жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. 19 жаштагы Каныкей (аты өзгөртүлдү) аталган сайтка кайрылып, классташтары анын суусундугуна дары салып, кийин зордукталганын билдирген.

Кыздын айтымында, 8-август күнү ал жумуштан чыгып мурунку классташы менен Бишкектин жогорку зонасында жайгашкан Панораманын жанындагы дачага кетишкен.

«Бир классташыбыз жакын арада үйлөнөт экен. Ага чейин классташтарды чогултуп отуруш уюштурду. Кечеге 15 жигит, анын он бири классташ балдар жана беш кыз, экөө классташтарыбыздын аялдары барды. Биз келгенде балдардын баары сыртта болчу. Алар менен учурашып, үйгө кирдик, ал жерде бир жигит баарына сыра куюп берди. Бир аз ичип, анан эки досум менен бассейнге бардым, калгандары бөлмөдө калышты», — деп билдирген жабырлануучу.

Анын айтымында бир аздан кийин дасторкон жайылып үйгө баары чогула баштаган.

«Классташым Нурдан бизге коньяк менен башка суусундук аралаштырып берди. Анан сыртка чыксак, бир нече классташтарым кийимим менен бассейнге ыргытып жиберишти. Абдан суук болчу. Үшүп баньяга кирип кеттим. Жарым сааттан кийин чыксам да үшүй бердим. Кийин үйгө кирип төшөккө жатып алдым», — дейт Каныкей.

Кыздын айтымында ал жаткан бөлмөгө Эмир жана Калыбек деген балдар кирип ага жылынуу үчүн бир стакан арак сунушташкан.

«Ичип эле дароо өзүмдү жаман сезип, башым айланып, бардыгы туман болуп калды. Ордумдан туруп, ванна бөлмөсүндөгү дааратканага кирдим. Анан эле баарын туман каптап, денем ооруп, кансырап, Калыбектин мени зордуктаганын бүдөмүк эстей баштадым», — дейт Каныкей.

Эртеси Ысык-Көлгө ата-энесине барып, болгон окуяны улуу эжесине айтып берген. Алар Каракол шаарындагы ооруканага барышып текшерилгенде зордуктоо болуп, кыздыгын жоготуп алганын айтышкан. Эртеси Аламүдүн РИИБине келип, Калыбекке жана башка балдарга каршы арыз жазышкан.

«Милицияга кайрылгандан эки күндөн кийин дачада болгон балдардын бардыгы РИИБге жеткирилген. Калыбек мойнуна алып, бирок баары эки тараптуу болгонун айтты. Бирок, менин ичимдигиме бир нерсе кошуп коюшкан. Ошондон улам мен эс-учумду жоготуп, эч нерсени билбей калгам. Демек ал мени атайын зордуктады», — деп нааразы болгон жабырлануучу.

Каныкейдин адвокаты шектүү 10 суткага гана СИЗОго камалганын, бирок ал каалаган учурда бошотулуп, тергөөдөн жашырынууга аракет кылышы мүмкүн экенин билдирди.

Жабырлануучунун эжесинин айтымында, аларды шектүүнүн жакындары коркутууда.

«Үйгө келип алып, Калыбекти сиңдиме үйлөндүрөбүз деп жатышат. Ал зордуктап жатса, кантип үйлөнүшмөк эле. Келечегин чогуу көрө албайбыз. 1-класстан 11-класска чейин чогуу окуп дагы зордуктайбы? Мен шок болуп жатам», — деген жабырлануучунун эжеси.

Количество просмотров: 1737