• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жактоочу: 13 жашында зордукталган кыз бүгүнкү күндө 22 жашка чыгып, кант диабетине чалдыкты

15 Теке 2022 12:10 Бишкек Govori.TV

13 жашында зордукталган майыптыгы бар кыз бүгүнкү күндө 22 жашка чыкты. Бул жабырлануучу тараптын жактоочусу Чолпон Кудайбердиева билдирип, иш эмне үчүн ушунча жылга созулганынын себебин айтты.

«Бизге жабырлануучунун апасы 2016-жылы июнь айынын аягында кайрылган. Үй-бүлөнүн каражаты жок болгондуктан өндүрүшкө алганбыз. Сот эмне үчүн узакка созулду? Биринчиден, айыпталуучулардын жактоочулары жараянга келбей жатты. Ошол учурда соттордун окууга кеткенине байланыштуу болду. Эмгек өргүүгө чыгып кетип жатышты. Ошентип процесс үзгултүккө учурап жатып, 2018-жылы биринчи отурум башталган. Анда шектүүлөргө коюлган айып туура эмес болгон. Жабырлануучу кыз сот отурумдарын калтырбай келип жатты. 13 жашында зордукталган кыз бүгүнкү күндө 22 жашка чыкты. Ал стресттик абалдан улам кант диабети менен ооруп калды. Өкүм боюнча жабырлануучу тарапты кабардар кылып, кылмыш ишинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кутулуп кетишкенин жана сот моралдык чыгым катары 200 миң сом өндүрүп бергенин айттым. «Акча өндүрүлөт» деген сөзгө кыз сүйүнгөн дагы жок. Буга чейин дагы айыпталуучулардын жакындары акча сунушташкан. Бирок кыз макул болбой, жазасын алышсын деп келген»,-деди жактоочу.

Ал эми Бишкек шаардык соту тараткан маалыматка ылайык, 13 жаштагы кызды зордуктоо тууралуу окуя 2013-жылы сентябрь айында болгон. 2015-жылдын июнь айында жабырлануучунун апасы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Сентябрь айында кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы эки балага айыбы угузулган. Шектүүлөр жашаган жеринен кетпөө тил каты менен бошотулган. Тергөөдөгү кемчиликтерди толуктоо үчүн кылмыш иши кайрадан укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Иш Сокулук райондук сотунда 2018-жылы апрель айында карала баштаган. 2019-жылы райондук сот эки шектүүнү күнөөлүү деп таап, бирин 8 жыл, экинчисин 8 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Чечим боюнча Жогорку сотко арыз берилип, андан кийин 2022-жылдын февраль айында иш кайрадан Бишкек шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн. 2022-жылы 13-июлда айыпталуучулар күнөөлүү деп табылып, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен (9 жыл) жаза чегерилген эмес.

Количество просмотров: 2844