• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Токмоктогу зордуктоо фактысынын тергелишин ИИМдин жетекчилиги көзөмөлүнө алды

20 Теке 202211:49 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарындагы зордуктоо фактысынын тергелишин Ички иштер министрлигинин жетекчилиги көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул ишти ар тараптуу тергөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды.

Андан сырткары, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Чүй ОИИББдин жетекчилиги менен кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 139