• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөндө 9 жаштагы кыздын зордукталганы айтылды

15 Жалган куран 202315:36 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда 9 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында милицияга Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, 9 жаштагы кызы зордукталгандыгын билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси боюнча катталып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда кылмышты аныктоо жана кылмышка шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 405