• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Макембаева: Оратордук чеберчиликти өздөштүргүм келет

27 Үчтүн айы 2024 12:32 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Диана Макембаева. Учурда Кыргыз улуттук университетинде кадрларды даярдоо жана квалификациялык жогорулатуу институтунда ага окутуучусу болуп иштейт.

«Негизинен алганда иштөө алкагы боюнча үй бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо, аялдардын, жаш кыздардын укугун коргоо боюнча иш алып барам. Ошондой эле бул жаатта илимий изилдөө жасап жүрөм. Бул тренингдин алгач эле аты жакты жана тажырыйба алмашуу, билимимди жогорулатуу үчүн келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 103