• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Максат Мамытканов сурактан чыкты

3 Кулжа 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда ИИМге “Чоң Казат” кыймылынын дагы бир мүчөсү Максат Мамытканов суракка кирип чыкты.

Анын айтымында ал бүгүн эртең менен саат 10до кирген, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал жакта эмне тууралуу сөз болгонун толук айта албайт.

https://www.facebook.com/ChongKazat/videos/602754020653527/UzpfSTEwMDAzOTA2MjA3NjcxNjoyNjQ4Nzc0NDY4NzM2Njgw/

Эске салсак, буга чейин “Чоң Казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгы боюнча ИИМге суракка Жапыкеев өзү кирип чыккан.

 Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү дайындалган.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

«Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 163