• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Маданият министринин милдетин Максутов аткарат

3 Тогуздун айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Максутов Алтынбек Аскарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Алтынбек Максутовдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Эске салсак, бүгүн, 3-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 669