• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мал издеп жүргөндөр унаасы менен жардан кулап, 2 киши каза болду

19 Жетинин айы 2020 9:38 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бел жайлоосунда 3 адам мал издеп жүрүп, унаасы 400 метрден бийик жардан кулап, экөө окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үч жараны Нива үлгүсүндөгү авто унаа менен жардан түшүп кеткен. 2000-ж.т. К.Б. ошол жерде каза болгон, 1979-ж.т. Р.К. оор жаракат алып Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, 1977-ж.т. А.К. дайынсыз жоголгон.

18-ноябрь күнү издөө иштерине Майлуу-Суу шаары боюнча №83 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө куткаруу отряды тарабынан капитан А.Сариевтин жетекчилигинде 6 куткаруучу жана туугандарынан 20 адам тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Саат 12:30да куткаруучулар А.К. жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 426