• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мал сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынды

7 Тогуздун айы 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда мал сарайдан чыккан өрт чектөөгө аланып өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматта айтылгандай, Сузак районунун Атабков айыл өкмөттүндө жайгашкан Шайманов көчөсүндө эки кабатуу мал сарай күйүүдө деген маалымат саат 11:22 де түшкөн.

Жерине №65 ӨК-КБнүн 1 бөлүмү тартылып саат 11:42 де аталган аймак курчоого алынып, 12:28 де толугу менен өчүрүлгөн. Күйгөн мал сарайдын жалпы аянты 40 чарчы метрди түзөт.

Мындан сырткары мал сарайда кышка камдалган тоют жана жанында токтоп турган “Daewoo Labo” автоунаасыда толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 165