• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Икрамов журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүрүп, суракка алынышын сындады

16 Үчтүн айы 2024 13:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, журналисттерге карата болуп жаткан акыркы окуялар тууралуу пикирин айтты.

«Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан “24 kg” маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем», — деп жазган депутат.

Бүгүн, 16-январдын таңында «Темиров лайв» медиасынын азыркы жана мурунку бир нече журналистинин үйүндө тинтүү болуп, айрымдарын ИИМге суракка алып келишкен.

15-январда УКМК кызматкерлери Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, имаратка мөөр басып, компьютер процессорлорун алып кетишкен. Ал эми басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редакторлору Махинур Ниязова жана сурак берип чыгышты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышты.

Количество просмотров: 158