• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Малидеги кыштакка жасалган чабуулдан жүзгө чукул адам набыт болду

11 Кулжа 2019 9:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Малинин борбордук бөлүгүндөгү негизинен догон этностук тобу отурукташкан кыштакка жасалган чабуулдан жүзгө чукул адам набыт болду. Айыл дээрлик жер менен жексен болгонун Малинин коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү билдирди. Анын айтымында кол салгандар жергиликтүүлөрдү аткылап, үйлөрүн өрттөп жиберишкен.

Бул аймакта негизинен аң улоо менен алектенип, теңирчиликти карманган догондор жана фульбе-мусулмандарынын ортосунда кагылышуулар көп катталат. Ушул жылдын март айында Фулани айылынын 100дөй тургуну өлтүрүлгөн. Андагы чабуулду догондордон көрүшкөн.

Андан кийин «Ал-Каидага» байланышы бар жергиликтүү террордук уюм Малидеги аскерлерге жана догондор отурукташкан айылдарга кол салган.

Батыш Африкада жайгашан Малинин өкмөтү 2015-жылы өлкөдө туруктуулукту калыбына келтирүү максатында куралдуу топтор менен макулдашууга да кол койгон. Бирок ал макулдашуу радикал согушкерлердин кыянатчылыгын токтото алган жок.


Количество просмотров: 22