Бишкекте бир адам өзүн өзү жарадар кылганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-сентябрда саат 05:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына Мюнхен паб түнкү клубунда мойнунан жаракат алган адам дарыгерлерди киргизбей жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө ыкчам иштеген кызматкерлери барганда бул факт тастыкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 36 жаштагы А.Рны тез жардам кызматы алып кеткен. Сурактын жүрүшүндө жана видеотасмаларды көрүү учурунда түнкү клубдун кире беришинде бир адам өзүн туура эмес алып жүргөнү көрүнүп турган. Ал өзүнүн мойнуна бычак сайган.
Мюнхен пабдын кызматкерлери тергөө тобуна жабырлануучунун жеке буюмдарын, 2 уюлдук телефонун, ошондой эле белгисиз үлгүдөгү тапанчаны 6 огу менен өткөрүп беришкен.
Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.