• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК Ташовдун өзүнө кол салуусун коомчулуктун көңүлүн буруу деди

30 Тогуздун айы 202415:29 Бишкек Govori.TV

УКМК абактагы “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун өзүнө кол салганы боюнча тараган маалыматтарга жооп берип, билдирүү таратты.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө, И.Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап денесине залал келтиргени жазылат.

«30-октябрда саат 9дар чамасында СИЗОнун кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүү учурунда И.Ташовдун курсагынан эки бычактан кесилген жараат табылып, тез жардам келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам келгенден кийин Ташовду 4-шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ал кезде кармалган адамдын абалы туруктуу деп бааланган. И.Ташовдун камералашынын айтымында, ал бир жолу колдонулуучу устаранын лезвиясын кармап турган, ошол менен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтарга караганда, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, атайылап өз жанын кыюуга даярданган. Ташов 4-шаардык оорукананын хирургу тарабынан текшерүү учурунда УКМКнын СИЗОсунда кыйноолор болуп жатат деген, бул чындыкка дал келбейт. Муну КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин СИЗОнун бардык аймагындагы видеокөзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМКнын кызматкерлери прокуратурага маалымат берилип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери чакырылган. Ташов кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан», — деп жазылат маалыматта.


Кошумчалангандай, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ташов №21 ЖАК СИЗОсуна которулду.

Буга чейин анын жактоочусу Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганын айткан.

Количество просмотров: 175