• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамашова: «Кыйын» айымдар үчүн маанилүү долбоор

13 Бештин айы 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

«Кыйын» айымдар үчүн маанилүү долбоор. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

«Айымдар өзүнүн ичинде болгон күчтөрдү тартынбай ачыш керек. Аймактардагы эжелерибиз, сиңдилерибиз абдан көп жумуштарды аткарат. Өзгөчө жергиликтүү кеңештин депутаттары, активисттер жарандарга жардам берүү менен өздөрүнүн салымдарын кошуп келет. Деген менен элеттеги айымдарга өнүгүүнүн жолдорун көргөзүү зарыл. “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында алган билими айымдар үчүн абдан маанилүү, анткени келечекте аны колдонуу менен дагы ийгиликтерге жетишет деген ойдомун. Менде бир гана каалоо тилек бар, айымдар эч качан токтобош керек. Мүмкүнчүлүк болсо билимди жогорулатуу абзел»,-деди Мамашова.

Белгилей кетсек, 9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышты. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген айымдардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Количество просмотров: 253