• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Маматалиев: Акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот

6 Бирдин айы 2020 15:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот деп эсептейт. 6-февралда парламентте сүйлөп жатып ал Мамлекеттик каттоо кызматын, Салык кызматын, Социалдык фондду жана мобилдик операторлорду “коррупциялык схема түзүп алышкан” деп айыптады.

Депутат жеке нотариуска өзү кирип, акча төлөп, сураган маалыматынын баарын алганын айтып, кагаздарды көрсөттү:

7 миң сом төлөп, телефон номурун берсеңиз, сизге бир ай ичинде кимдер менен сүйлөшкөнүн, кайсы жерде жүргөнүн мына минтип чыгарып берет. Ачык-айкын реклама жүрөт. 7-8 миң сом төлөп, автоунаанын номурун берсеңиз анын ээси, айып пулдары, канча баласы, алар каерде жүрөт, чет өлкөгө чыгуулары тууралуу баарын айтып берет экен.

Маматалиев өкмөт 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматынын купуялыгын коргой турган орган түзөрүн убада кылганын, бирок ал ишке аша электигин айтып, эгер түзүлө турган болсо ал мамлекеттик орган парламенттин карамагында болушу зарылдыгын белгиледи.

Депутаттын билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттык” Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылды.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асель Кененбаева жооп берди.

Ал жеке маалыматы башка колго өткөнү тууралуу жарандардан арыз келип түшпөгөнүн, депутаттын айткандарын жеринен текшерүү керектигин белгиледи:

Мамлекеттик жана жеке нотариустарга (баарына эмес, келишимге кол койгондоруна) паспорттун мөөнөтү бүтө элекпи, ошону гана билүү укугу берилген. Үй-бүлөсү, балдары жана башка маалыматтарды алар көрө албайт. Андай маалыматты “Түндүк” системасы аркылуу тийиштүү мамлекттик органдар өз функциясын аткаруу үчүн гана, келишимдик негизде ала алышат. Маалыматты бере турган биздин ар бир кызматкер УКМКдан атайын текшерүүдөн өтөт, окуудан өтүп турат. Алар баары көзөмөлдө, эгер базага жөн гана кирсе да көрүнүп турат. Жоопкерчилиги каралган.

Кыргызстан жарандарын биометрикалык каттоого 2017-жылы ала баштаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 70