• Ишенби 2 Жалган куран 2024
  • Суббота 2 Март 2024

Маматалиев: Чек ара маселесин чечкен кызматкерлерди Баткенге көчүрүү керек

24 февраля 2021 в 15:51 Бишкек Govori.TV

Чек ара маселесин чечкен кызматкерлерди Баткенге көчүрүү керек. мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесин биринчи орунга коюш керек.

«Чек ара маселесин чече турган комиссия бар. Алар жалгыз чек ара көйгөйү эмес, башка жумуштар менен дагы алек. Менин сунушум чек ара маселесин чечкен мамлекеттик кызматкерлерди жерине көчүрөлү. Ал жактан чыкпай, тыгыз иштөө зарыл. Ошондо гана чарчы метрлеп болсо дагы маселе чечилет. Чыр чыкканда эле жолугушуу уюштуруп жатабыз» ,-деди Маматалиев.

Количество просмотров: 105