• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Маматалиев депутаттарга Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз каражатына оңдоону сунуштады

23 Тогуздун айы 2020 13:16 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Марлен Маматалиев Facebook баракчасына билдирүү жазып, депутаттарга Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз каражатына оңдоону сунуш кылды.

Эл өкүлүнүн пикиринде, депутаттардын 90 пайызы иш кабинеттерин өз эсебинен оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

«Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштаймын. Келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз акчабызга сатып алалы. Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 миллион сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси — тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз», — дейт Марлан Маматалиев.

5-октябрдагы башаламандыкта митингчилер Ак үйдүн имаратын талкалап, тоношкон. Анда 450 миллион сомдук чыгым келтирилгени айтылууда.

Количество просмотров: 148