• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Маматалиев: Коронавирус өлкөгө келсе, өкмөт башчы министрди же вице-премьерди отставкага кетирип кутула албайт

5 Жалган куран 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүн коронавируска каршы жүргүзгөн иш-аракетине канаттанбай турганын билдирди.

Анын айтымында, эгер өпкөнү сезгентүүчү вирус келсе, өкмөт башчы министрди же вице-премьерди отставкага кетирип гана кутула албайт.

“Мен эки күн мурда сырттан учуп келип, аэропорттогу айрым кемчиликтерди байкадым. Аэропорттон өтүп жатканда эки тепловизор туруптур, анын бирөөсүнүн заряды өчүп калды. Аны күйгүзгөнгө кетип, бирөө эле калды. Эл жоон топ менен кирип кетип жатат, ар бирин бирден токтотуп алып текшерген киши жок. Адамдык фактордук кемчиликтерден улам күмөн санап калдым” ,- дейт Маматалиев

Количество просмотров: 1869